07
Октябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ЕККУ улуттук азчылыктар иши боюнча Жогорку комиссары Астрид Турс менен жолугушту
Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ЕККУ улуттук азчылыктар иши боюнча Жогорку комиссары Астрид Турс менен жолугушту.
Жолугушууну ачууда Премьер-министр Астрид Турска улуттар аралык өз-ара мамилелер маселесин чечүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, Жогорку комиссардын кеңсеси менен кызматташуу тарыхы бекем негизге ээ жана көптөгөн биргелешкен иштердин оңдуу үлгүлөрү менен бекемделгендигин билдирди.
Өз кезегинде Астрид Турс тилдик жана маданий көп кырдуулук негизинде Кыргызстанды колдоого жана улут аралык ынтымак жана өлкө бүтүндүгүн камсыздоо боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Андан соң тараптар өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана ички саясый абалды, улут аралык мамилелер маселесин талкуулады.
Өкмөт башчы Астрид Турска республика калктын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча технологияларды киргизүү боюнча долбоорду жана такай жаңыртылып туруучу калктын бирдиктүү регистрин түзүүнү ишке ашырууга киришип жаткандыгын билдирди.
“Өлкө мамлекеттеги туруктуулуктун маанилүү шарты болуп саналган ачык-айкын парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүгө даярданууда. Демократиянын бардык талаптарына жооп берген шайлоолорду өткөрүү калктын бийликке жана шайлоо процессине болгон ишенимин арттырууга көмөк берет. Учурда республикадагы шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо үчүн этникалык азчылык үчүн мүмкүндүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чараларды сактоо менен шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу процесси жүрүүдө», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
ЕККУ улуттук азчылыктар иши боюнча Жогорку комиссары биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана улут аралык ынтымакты сактоо саясаты жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Шайлоо процессинде электрондук тутумду пайдалануу – бул ачык-айкын шайлоо өткөрүүдөгү оңдуу кадам болуп саналат», — деди Астрид Турс.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү