04
Октябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкө мугалимдерин кесиптик майрамы – Мугалимдер күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкө мугалимдерин кесиптик майрамы – Мугалимдер күнү менен куттуктады
Куттуктоонун тексти:
Кымбаттуу мугалимдер! Сиздерди билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Мугалимдер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Билим берүүнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамы жыл сайын октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленет. Бул күнү билим берүү процессиндеги бардык деңгээлдеги мугалимдердин ролу жана өтөгөн кызматы, алардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымы белгиленет.
Мугалим бул – ар-бирибиздин турмушубуздагы эң маанилүү адам! Мугалим өзүнүн иши аркылуу көптөгөн муундардын дүйнө таанымынын негиздерин түзүп, аларга акылмандыктын жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болуп келишет.
Билим берүү чөйрөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Өсүп келе жаткан муунга билим берүү, тарбиялоо - Мамлекеттин алдындагы эң маанилүү жана башкы милдеттердин бири.
Педагогдордун өтөгөн эмгеги жеткинчек муундардын урмат-сыйына татыктуу. Алар жаш муунду тарбиялоодо олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө. Мугалимдер биз үчүн таалим-тарбиянын мыкты үлгүсү. Алар келечектеги белгилүү саясатчыларды жана бизнесмендерди, спортчуларды жана илим менен маданият ишмерлерин, башка кесиптердин өкүлдөрүн тарбиялап келишет.
Ар-бир мугалимдин билим берүү чөйрөсүндөгү жекече олуттуу салымы сый-урматты пайда кылаары талашсыз. Ошондуктан, өлкөбүздүн урматтуу педагогдоруна чын жүрөгүмдөн алкыш айтып, урматтоомду билдирем.
Кымбаттуу мугалимдер, Сиздерге чың ден-соолук жана жашоодогу бейпилдикти, сиздердин түйшүктүү эмгегиңиздердеги ийгиликтерди каалайм.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү