20

Май

2020

Р4 каналынын курулушу 60% га аяктады

Жалпы узундугу  46  км болгон Баткен районундагы Р-4 каналын куруу жана бийиктетүү курулушу жүрүп жатат.  Курулуш,  сугат суу берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо менен ишке ашып жатат. Ал үчүн суу берүүнүн альтернативдүү жолдору каралган. 

Азыркы күндө  курулуш үчүн акча каражаты  толук бөлүнүп   берилип, 12 км чарбалар аралык каналдын жана 12 км ички чарбалык каналдын курулушу бүткөрүлдү.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 500,0 млн сомду түзөт. Бул үчүн  Кытай Эл Республикасы тарабынан грант бөлүнгөн.  

Каналдын курулушу толук аяктаса,1200 га жерге суу жеткирилип, 1543 га сугат жерди суу менен камсыздоо жакшыртылат. 

Бүгүнкү күнгө аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 270,0 млн.сомду түздү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы


Электрондук регион

Календарь