09

Май

2020

Талас облусунда Улуу Ата- Мекендик кендик согуштун ардагерлерине өлкө башчысынын мааракелик медалдары тапшыруу уланууда

 Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып уюштурулган Талас шаарындагы   чакан иш чарадан кийин,   ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев  Улуу Ата-Мекендик согуштун  ардагерлерин  жеринде куттуктоо иштерин  улантууда. 

Ыйгарым укуктуу өкүл  Марат Мураталиев баш  болгон   топ,  Бакай-Ата айылынын тургуну  Улуу-Ата-Мекендик  согуштун   ардагери  Кушубаков  Оморбек   аксакалды   куттуктады.   Өз сөзүндө    облус жетекчиси    согуш ардагерине чын-ден соолук, узун өмүр жана бакубат карылык каалады. 

Андан соң, Улуу Ата-Мекендик  согуштун ардагери  Карабуура районунун  Бакыян айылынын  айылынын тургуну,  Арстанбеков  Араке     жана   Аманбаев айылынын тургуну Турдалиев Бардан   аксакалдарды  үйүнө барып Улуу Ата Мекендик согуштун  75 жылдык мааракеси менен куттуктады. 

Ыйгарым укуктуу өкүл ардагерлерге   Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  атынан   «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы жана  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин  атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалдарын  тапшырууда. Аталган сыйлыктар  Талас облусунун аймагындагы  Уулуу-Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине  жана  ооруктун ардагерине тапшырылды.   

  Баардык   ардагерлерге   ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 20  миң сом, Жогорку Кеңештин  Төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан  10 миң сомдон жана  “Альянс Алтын”   компаниясынын  атынан   75  миң сомдон  акчалай   сыйлыктар  тапшырылды. 

Жалпыга маалым болгондой буга чейин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына мамлекет тарабынан Улуу Ата-Мекендик  согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон, ал эми ооруктун ардагерлерине 15 миң сомдон тапшырылган.  

 Бүгүнкү күнүн Талас облусу боюнча  Улуу Ата-Мекендик согуштун  12 ардагери бар. 

Электрондук регион

Календарь