09

Май

2020

Таласта Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг реквием өттү

 Кырдаалга  жараша,   быйыл 9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган иш чара  Талас шаарынын борбордук паркында  саналуу гана адамдардын катышуусунда  болуп өттү.    Иш чарага Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев баш болгон,   айрым облустук  мекемелердин  жетекчилери катышты. Салт болуп калгандай   гүл   чамбарлар коюлуп  согушта курман болгондорду  эскерип аскердик  залп атылды. 

Облус жетекчиси Марат Мураталиев  өз куттуктоосунда: “Эгерде артка кылчайып, тарых барактарына көз жүгүртүп көрө турган болсок, биздин бүгүнкү келечегибиз, бейпил турмушубуз үчүн аталарыбыз кан-жанын аябай майдандарда курман болгон”- деп   баатыр аталарыбыздын  эрдиктерин баса белгилеп өттү. 

 Андан   соң,  майрамдык иш чарага чогулгандар “Өлбөс полк” сүрөт  галереясындагы   эмгектер менен таанышты. 

 Белгилей кесек: Улуу Ата Мекендик согуш жылдары, Талас облусунан фронтко 13951 адам аттанып алардан 3769 адам согуш талаасында курман болушкан. Мындан тышкары 1986 жоокер дайынсыз жоголгон. 

Жалпысынан Талас жергесине 8191 жоокер жеңиш менен кайтып келген. Алардын ичинен 6500 жоокер фронтто көрсөткөн эрдиктери үчүн ар кандай орден медалдар менен сыйланган. 

Электрондук регион

Календарь