10

Март

2015

Тайырбек Сарпашев Эстониянын юстиция министри Андрес Анвелтаны кабыл алды

Бүгүн, 10-мартта, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Эстон Республикасынын юстиция министри Андрес Анвелта баштаган эстон делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча эстондук тажрыйбаны жана ээсинин биометрикалык мүнөздөмөсү камтылган идентификациялык карточкаларды (ID) жана паспортторду берүү маселесин талкуулады. Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстанда жүрүп жаткан маалыматтарды чогултуу процесси тууралуу маалымдады. «Акыркы маалыматтарга ылайык, 2 млн 400 миңден ашуун адам биометрикалык каттоодон өткөн. Келерки парламенттик шайлоо учурунда жаңы шайлоо технологиялары колдонулуп, алардын негизги максаты белгилүү жак тарабынан бюллетендерди таштоонун жана бир адам аркылуу көп ирет добуш берүүнүн алдын алуу болуп саналат. Андан соң учурда Монголияда тажрыйбаланып жаткандай, биометрикалык маалыматтарды мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө пайдалануу пландаштырылууда. Буга байланыштуу биз үчүн Эстониянын тажрыйбасын иликтөө жана ыңгайлуу аспектилерди өзүбүздө пайдалануу маанилүү», – деди Т.Сарпашев. Өз кезегинде министр Андрес Анвелт белгилегендей, 10 күн мурда Эстонияда парламенттик шайлоолор болуп өттү. «Шайлоолордо шайлоочулардын үчтөн бири шайлоо участогуна келбестен, электрондук добушун берди. Эстония биометрикалык маалыматтарды пайдалануу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана тийиштүү паспортторду жана ID-картты берүү 2006-жылы башталган. Борбордук мамлекеттик калк регистри түзүлгөн. Алгач Эстонияда да биометрикалык маалыматтарды чогултууга каршы жарандардын нааразычылыгы болгон. Бүгүнкү күнү бардыгы бул процедуранын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүндү. Эстонияда биометрикалык маалыматы камтылган ID айдоочулук күбөлүк менен бириктирилген», – деди министр.   Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар тажрыйба алмашуу боюнча бир катар конкреттүү багыттарды белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү