11

Декабрь

2019

“Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунда инспектордук текшерүү комплекси ишке кирди

11-декабрда «Торугарт» көзөмөл өткөрүү пунктунда инспектордук текшерүү комплекси ишке кирди. 

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде тышкы чек ара өткөрмө пункттарын модернизациялоо пландаштырылган. Ошол иш чаранын алкагында 6 өткөрмө пунктунда инспекциялык текшерип кароо комплекстери курулуп, эки комплекс ишке киргизилди. Алардын бирөө үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында "Эркеч-Там” көзөмөл пунктунда пайдаланууга берилсе, экинчиси, бүгүн, “Торугарт” көзөмөл пунктунда ачылды. 

Инспекциялык текшерип кароо комплекси жүктөрдү, каражаттарды тез жана натыйжалуу текшерип кароо үчүн негизделген. Ал өткөрүү пункту аркылуу транспорттук каражаттардын өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө жана бизнестин убакыкытын, чыгымдарын кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт. 

Ачылыш аземде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: “Бажы тармагынын санариптик кызмат көрсөтүүгө өтүшү менен биз бардык кызматтардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жетишебиз,-деп билдирди.   

«Жаңы автоматташтырылган система жүктөрдүн декларациясын туура эмес толтуруу, бажы чек арасы аркылуу товарлардын өтүүсүнүн ылдамдыгынын төмөндөөсүн алдын алат, ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуну шарттайт. Биз бул үчүн бажы тармагындагы кызмат көрсөтүүнү санарипке өткөрүүдөбүз жана адам факторун жоюп жатабыз. Учурда бардык бажы посттору заманбап техникалар менен этап-этап болуп жабдылууда.  Көпчүлүктү күмөн санаткан иштердин ачык-айкындуулугун жалпыга көрсөтөт. Чек арадагы абалды реалдуу убакыттагы режимде карап турса болот», - деди Премьер-министр.

Муну менен катар чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ата мекендик экономика үчүн гана эмес, жалпы эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикасы үчүн да маанилүү ролду ойнорун белгиледи. 

Өкмөт башчы бажы кызматкерлери ак ниет иши менен өлкөнүн чек арасын аткезчилик товардан кайтарууга укуктуу экендигин далилдей турганына ишенээрин билдирди.

Ал ошондой эле Россия Федерациясынын жетекчилигине өткөрмө-көзөмөл жайларды модернизациялоодо көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бажы инфраструктурасы жаатында өз ара иштешүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун жогорку деңгээлин дагы бир ирет ырастай турганын баса көрсөттү. 

Маалымат үчүн айта кетсек “Торугарт” бажысы 1983-жылдан бери иш алып барат. Кыргыз Өкмөтү менен Кытай Өкмөтүнүн  кеишимине ылайык 1996-жылдан бери эл аралык бажы өткөрүү пункту катары эсептелет. Бажы кызматкерлеринин айтымында, бир кундо 30-50 автоунаа өткөрүлөт. 2018-жылы 21570 автоунаа, ал эми  быйылкы жылдын 11 айында 18123 автоунаа киргизилип, чыгарылган.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы. 


Электрондук регион

Календарь