21

Июль

2020

Түшүндүрүү иштерине жарандык коомдун өкүлдөрү да тартылат

Баткен облусунда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Жергиликтүү бийлик, ички иштер органдарынын жана ар бир айыл, аймактык башкармалыктарда жашаган, активдүү жарандардан турган атайын комиссия түзүлөт.

Белгилей кетсек, тийиштүү органдардан түзүлгөн комиссия күн сайын шаар, район борборлорунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейдке чыгышууда. 

Ал эми алыскы айылдарда, дагы деле ар кандай мааракелерди өткөрүп, эл көп топтолгон учурлар катталууда. 

Ошондуктан айыл башчыларга, мындан ары жарандык коом колдоо көрсөтүп, үймө үй кирип, санитардык норманы сактоо менен, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Белгиленген чектөөлөргө баш ийбеген жарандарга, тийиштүү органдар тарабынан чаралар көрүлөт.   

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь