04

Май

2020

Улуу Жеңиштин каармандарына арналып көчөттөр отургузулду

Бүгүн, 4-майда Нарын шаарындагы “Улуу Жеңишке  70 жыл” аталышындагы  сейил бакка аталардын эрдиктерине таазим этүү максатында карагайдын көчөттөрү отургузулду. 

Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесин утурлаган көрктөндүрүү иш чарасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана башкалар катышты. 

Эске салсак, аталган коомдук жай мындан 5 жыл мурда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып Нарын шаардык мэриясы жана Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги тарабынан жасалган. Андан бери жыл сайын жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп отуруп, мезгилдин өтүшү менен гүлдөгөн сейил бакка айланган. Өткөн жылы бул жерге Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары Дайыр Асанов менен Анварбек Чортековдун айкелдери орнотулган.  

Бак тигүү аземине келген меймандар баатырлардын жаркын элесине таазим кылып, аларды сыймыктануу менен эскеришти. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 11 ардагери жана ооруктун 37 катышуучусу бар. 

Быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мерчемделген масштабдуу майрамдык иш чаралар өткөрүлбөгөнү менен ардагерлерибиздин эрдигине таазим этүү максатындагы иштер улантыла бермекчи.  

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы. 

Электрондук регион

Календарь