04

Июль

2020

Узарбек Жылкыбаев: " Бар болуңуздар, бүгүнкү күндүн баатырлары!

img

Урматтуу Ош облусундагы медицина кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Адамзаттын эн кымбат байлыгы- ден соолугу. Ошондуктан "Улут ден соолугу- мамлекеттин байлыгы" деген ураан менен Сиздер күн- түн дебей иштеп келесиздер. Ансыз да түйшүктүү жумушуңуздар акыркы 3 айдан ашык убакыттан бери пандемиялык кырдаалга байланыштуу андан да түйшүктүү, оор, жоопкерчиликтүү болуп, ден соолугуңуздарды тобокелге салып тыным билбей иштединиздер. 

  Коомчулук баарыбыз ак халатчандардын ордун , баркын, баасын чын дилден билип, таазим кылып турган учурубуз.

Калктын саламаттыгы үчүн ченемсиз эмгегиниздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Ак эмгегиңиздердин берекеси болуп, элибиздин ден соолугу чың  болсун. Дүйнө дүрбөлөңгө түшкөн таажы илдетин жеңип тынч жашоо болсун. 

Ошондой оор жоопкерчиликти аркалаган жумушта Сиздерге жана үй бүлөңүздөргө бекем ден-соолук,  узун өмүр каалайбыз . Ар бир бейтап . айыгып Сиздерди кубандырсын.

Урматтуу ак халатчандар дагы бир ирет майрамыныздар менен!


Узарбек Жылкыбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Электрондук регион

Календарь