07
Март
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Ар-бир эне баласынын өмүрүн өзүнүкүнөн жогору баалайт»
Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Улуттук онкология борборунун балдар онкогематология бөлүмүнө барды.
Анда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева ооруканада дарыланып жаткан балдар жана алардын энелери менен жолугушту.
Вице-премьер-министр энелерди Аялдардын эл аралык 8-март майрамы менен куттуктады жана оорудан сакайып кетүүлөрүн, чыдамкайлыкты жана күч-кубат каалады.
“Чын жүрөгүмдөн 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм. Жаз алды менен жандана баштаган табийгат, күндүн мээрими биздин үмүт отубузду жандырып, алга умтулуубуз күч алат. Балдар – бул аялзаты үчүн эң маанилүү орунда туруп, дүйнөдө андан баалуу эч нерсе жок. Ар-бир эне баласынын өмүрүн өзүнүкүнөн жогору баалайт жана биз алар үчүн бардыгына даярбыз. Жакын арада балдар айыгып, жакындарын күлкүсү менен кубанычка бөлөйт деп ишенебиз. Өз кезегинде бөлүм дарыгерлери кичинекей оорулуулардын дартына дабаа берүүдө колдон келген аракетин аябайт. Жакынкы убакытта дарылоонун натыйжасы сезилип, дарттарына дабаа болот деген ишеничтемин”, - деди ал.
Жолугушуунун соңунда Дамира Ниязалиева ооруканада балдарынын жанында такай көзөмөлдө отурган 34 энеге жеке каражатынан 102 миң сом бөлдү. Ар-бир энеге 3 миң сомдон тапшырылды.
“Өлкө Өкмөтүнүн буйругу менен балдар онкогематология бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200 миң сом бөлүндү. Бул каражат балдардын дары-дармегин сатып алууга жумшалат», – деп белгиледи вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү