10
Март
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева БУУ Аялдар абалы боюнча комиссиясынын 59-сессиясынын ишине катышат
9-мартта, Нью-Йорк шаарындагы БУУ штаб-квартирасында БУУ Аялдар абалы боюнча комиссиясынын 59-сессиясы өз ишин баштады, анын ишине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева баш болгон кыргыз делегациясы катышууда.
Жалпы жарыш сөздө чыгып сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2020-жылга чейинки Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын негизги багыттары тууралуу маалымдады.
Вице-премьер-министр билдиргендей, өлкөдө гендердик саясаттын институционалдык түзүмү орун алып, аялдардан турган бейөкмөт уюмдардын жана эксперттердин мобилдүү жана кесипкөй коомчулугу даярдалган. Дамира Ниязалиева өзгөчө белгилеп кеткендей, Кыргызстан 2015-жылдан кийинки Туруктуу өнүгүү максаттарынын күн тартибине өнүгүүнүн негизги келечеги катары гендердик теңчилик маселесинин киргизилишин колдоого алат.
Белгилесек, туура 20 жыл мурда Пекин шаарында эл аралык жыйын болуп өтүп, анда аялдардын абалын жакшыртуу боюнча Пекин Иш-аракеттер платформасы кабыл алынган.
Маалымдама: сессиянын ишине ошондой эле Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Т.Кыдыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сот төрага орун басары Г.Калиева, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат бөлүм башчысы Н.Бейшеева катышууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү