24

Май

2020

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов Баткен облусунун элин  Орозо айт майрамы менен куттуктады

Урматтуу Баткен облусунун калайык калкы!

Кадырлуу момун  мусулмандар!

Баардыгыңыздарды Орозо айт күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Озоро айт-бардык мусулмандар үчүн ыйык майрам. 

Бул күндү ар бирибиз  зор үмүт, жакшы тилек максаттар менен күтөбүз.

Сабырдуулуктун, мээримдүүлүктүн айы болгон орозо айы да соңуна келип жетти.  

Көпчүлүк элибиз учурдагы кырдаалга карабай, жаратканга тообо келтирип, сабырдуулук менен орозо кармады.

Бул ыйык айда ар бир мусунман пендеси,  адептүүлүктүн, кайрымдуулуктун, жаратмандыктын үлгүсүн көрсөтүүгө чын ниети менен ынтызар болот. 

Натыйжада адам баласы руханий жактан тазаланып, жакшылык, соопчулук иштерди  жасайт.

Жараткандын кудурети менен, баарыбыз көр тириликтен арылып, жаратканга жалбарып, элибизге амандык, жерибизге тынчтык, жакындарыбызга бакубатчылык тилеп, жан дүйнөбүз жаңыланат.

Ушул ыйык күнү, жалпы дүйнө жүзүн каптаган кооптуу илдеттен арылууну, адам баласынын башына түшкөн оор сыноону жеңүүнү тилейли. 

Туткан  орозоңуздар кабыл болсун!

Жараткан элибизди, мамлекетибизди колдосун. 

Кыргызстаныбыздан келечеги кең, асманы ачык болсун. 

Айтыңыздар  маарек болсун!

Электрондук регион

Календарь