16

Май

2020

Ыйгарым укуктуу өкүл бир катар ишканалардын санитардык абалын текшерди

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 1-майдан жана 11-майдан тарта ишин жандандырган  бир катар ишканалардын иштөө, эрежелерди сактоо тартибин текшерди. 

Өкүл азык түлүк жана курулуш материалдарын саткан соода түйүндөрүндөгү санитардык талаптар, товарлардын бааларын карап чыкты. Ошондой эле ишкерлер менен баарлашып, жарандарга кызмат көрсөтүүдө санитардык эрежелерди сактоо, бааларды негизсиз көтөрбөө, күн сайын дезинфекция жумуштарын жасап туруу керектигин эскертти. 

Ошондой эле шаардагы такси кызматтарынын ишин карап чыгып, кырдаалга байланыштуу, кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн, мамлекет тарабынан белгиленген  тартипти сактоо зарылдыгын белгилеп, айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды. 

Облус аймагында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык, күн сайын, 11-майдан тарта ишин жандандырган тармактарга тийиштүү органдардан түзүлгөн комиссия рейд жүргүзүп, көзөмөлдү күчөткөн. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь