27

Июль

2020

Ыйгарым укуктуу өкүл сел жүргөн аймактарда болду

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов сел жүргөн аймактарда болду. Өкүл иш сарпарында калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн көрүп чыкты.

Алишер Абдрахманов жергиликтүү жетекчилерге, калыбына келтирүү жумуштары менен катар, селдин алдын алуу, кооптуу аймактарда жашаган айыл тургундарына  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, турак жайларды камсыздандыруу боюнча иш алып баруу  тапшырмаларын берди. 

Белгилей кетсек 26-июль күнү Баткен облусунун  Баткен районунун Кыштут,Суу-Башы, Кара-Булак айыл аймактарында, Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков  айыл аймактарында  мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен  сел жүргөн. 

Сел суулары негизинен сайларда жүргөн, айрым жерлерде ички жолдорго, эгин талааларга  зыянын тийгизген. 

Тийиштүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүп, жол каттамы, сугат суу, электр энергиясы калыбына келтирилди. 

Учурда селден улам келтирилген зыяндарды тактоо боюнча жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. 

Табигат кырсыгы адам өмүрүнө зыян келтирген эмес.  

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь