20

Март

2020

Жарандардын кайрылуулары үчүн убактылуу өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирустук инфекциянын алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында, КР Премьер-министринин, министрликтердин, ыйгарым укуrтуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрициялардын, мэриялардын  коомдук кабылдамаларында жарандарды кабыл алуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан өзгөчө чечим кабыл алынганга чейин убактылуу өзгөртүлдү.  

Жарандардын кабылдамаларга жеке өзү келүүсүн чектөөнү сунуштоо менен бирге, жарандарды кабыл алуу тартибин төмөнкүдөй жолдор менен уюштуруу приоритеттүү деп аныкталды.

-Реалдуу режимде видео-конференц байланышка чыгуу 

-электрондук түрдө www.kattar.kg порталы аркылуу кайрылуу 

-жазуу жүзүндөгү кайрылуу

-ишеним телефонуна жана коомдук кабылдамаларына телефон чалуу

Белгилей кетсек Баткен облусунун тургундары коронавируска байланыштуу абал турукташканга чейин ыйгарым укуктуу өкүлгө кайрылууларын 03622 5-07-82 номурлуу ишеним телефону, ошондой эле  batkenpolpred@mail.ru электрондук дареги аркылуу кайрылса болот. 

Электрондук регион

Календарь