28

Декабрь

2020

Жарасул Абдураимов бажы кызматкерлерин куттуктады.

УРМАТТУУ  БАЖЫ  КЫЗМАТКЕЛЕРИ!

Сиздерди  КР дин Өкмөтүнүн  Ош  областындагы  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн аппаратынын  жана өзүмдүн  атымдан  Кыргыз  Республикасынын  бажы  кызматкерлеринин  күнү кесиптик  майрамыныздар  менен  чын  дилимден  куттуктаймын!

     Азыркы  мезгилде  бажы  кызматкелери  республикабыздын  мамлекеттик  бюджетин  толуктоо  үчүн  чоң салым  кошуп  жатышат.

   Бажы  тармагында  реформаларды  жүргүзүүнүн натыйжасында  областыбыздын  бажы  кызматтарынын иштери  соңку  жылдардын  ичинде  сапаттуу  жаңы  деңгээлге  көтөрүлдү. Муну  мамлекеттик  бюджетке  бажылык  төлөмдөрдү  жыл  сайын  келип  түшүшүн көбөйүшү  жана  божомолдук  көрсөткүчтөрдү   ашыгы  менен  орундалышы  тастыктап  турат.

      Бүгүнкү күндө бажы  кызматында  мыкты  даярдыктан  өткөн кызматкерлер  иштешүүдө Кызматтык  мидеттериниздерди  ак  ниет   менен  аткарганыныздар  жана  кесипкөй аракетиңиздер  үчүн  алкыш  айтабыз  жана  бажы  кызматынын  ишин  мындан  ары  ды  өнүктүрүү  боюнча  активдүү иштей  беришиниздерге  ишеним  билдиребиз.

   Сиздерге  бекем  ден-соолук, үй бүлөлүк бакыт-таалай, ишиниздерге  ийгилик  каалаймын. Өлкөбүздүн  жыргалчылыгы  үчүн  талыкпай  эмгектене  бериниздер!

Ж.Абдураимов КРдин Өкмөтүнүн Ош  областындагы ыйгарым  укуктуу  өкүлү