КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 37-б буйругу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында:

1. 2019-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге 2019-жылдын март-майына Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитишсин.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул буйруктан келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана чарбакер субъекттерге менчигинин түрүнө карабастан бюджетте каралган каражаттардын чегинде төмөнкүлөрдү камсыздоо сунушталсын:

- көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү;

- администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү;

- көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну орнотуу;

- тосмолорду, дувалдарды талаптагыдай түргө келтирүү;

- жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү;

- калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;

- муниципалдык жолдорду оңдоо;

- социалдык чөйрөнүн жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо;

- башка иштердин түрлөрү.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), 2019-жылдын 15-апрелине, 15-майына карата үч айлыкты өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө, 1-июнуна карата жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктарын ушул буйруктун тиркемесине ылайык формада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымдашсын.

6. Жалпыга маалымдоо каражаттарына, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүн кеңири чагылдыруу сунушталсын.

7.  Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                        М.Д.Абылгазиев

тиркеме

Тиркемелер

Басып чыгаруу