Өмүр баяны



Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Касымалиев Адылбек Алешович

Касымалиев Адылбек Алешович - 1960-жылы 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1984-жылы Ленинград финансы-экономика институтун "Экономист"  адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1984-1988-жылдары — Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык методдору илим-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери;

1988-1990-жылдары - Жол курулуш батальонунун каржы кызматынын начальниги;

1990-1993-жылдары - Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын начальнигинин орун басары;

1993-1994-жылдары - Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын начальнигинин биринчи орун басары;

1994-1995-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальниги;

1995-1996-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын № 2 башкармалыгынын начальниги, тышкы контроль башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

1996-1997-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

1997-1998-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Салык саясаты жана мыйзамдуулук башкармалыгынын начальниги;

1998-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;

2000-2001-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык жана бажы саясаты башкармалыгынын начальниги;

2001-2002-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги;

2002-2002-жылдары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

2003-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын төрагасынын биринчи орун басары;

2007-2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

2009-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

2010-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

2011-2012-жылдары - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинде министрдин орун басары;

2012-2015-жылдары - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары;

2015-2018-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

2019-2020-жылдары - «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун директору;

2020-2021-жылдары - «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун төрагасы;

2021-2021-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;

2021-2022-жылдары - Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү;

2022-2022-жылдары – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу;

2022-жылдын 20-июнунан тартып - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

2024-жылдын 18-декабрынан - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси.