Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларынын тамак-ашын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун тогузунчу абзацы «Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинин аталышы «Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде ишке ашырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев