КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы №670 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2014-жылдын 24-ноябры, № 670 Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө 

Пенсиялык камсыздоо системасын андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна отчет беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                     Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер