Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“
20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы | 2256 |
анын ичинде: | ||
- борбордук аппарат | 201 | |
- аймактык бөлүктөр | 2055 |
”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- бардык текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “ведомстволук жана” деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пунктта:
6-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
“- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын жана анын тутумундагы аймактык органдардын түзүмүн бекитет, аны өзгөртүү мамлекеттик органдын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана болушу мүмкүн. Мында, төраганы дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болбойт;”;
- төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын жана анын тутумундагы аймактык органдардын штаттык тизмесин белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын жана анын тутумундагы аймактык органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;”;
- 20-пункттагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү “байкоочу” деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- түзүмүн жана штаттык санын эки айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев