2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө
«Маалыматташтыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын көнүлгө алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык, 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы;
- 2-тиркемеге ылайык, 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун Иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 30-күнүнөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары - Электрондук башкаруунун мамлекеттик борборунун жетекчисине жүктөлсүн.
Премьер – министр Ж.К. Оторбаев