Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясы (мындан ары - Стратегия), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2019-2021-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчёт берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев