КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтому

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө

Ведомстволор аралык булалуу-оптикалык байланыш линияларын бириктирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Өкмөттүк байланыш мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Өкмөттүк байланыш мамлекеттик ишканасынын укук мураскору болуп аныкталсын.

4.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын  6-декабрындагы № 575 «Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өкмөттүк байланыш» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

«Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер» графасындагы «А» категориясы (өтө маанилүү объектилер)» бөлүмүнүн   4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июлундагы № 402 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасында:

расмий тилдеги текстинин аталышындагы «маалыматташтыруу» деген сөз «маалыматтык технологиялар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«Өкмөттүк байланыш» мамлекеттик ишканасы» деген позиция алып салынсын.

7.   Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун сегизинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.

8. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- кайра уюшулган юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын жана бөлүнүү балансын бекитсин;

- кайра уюшулган юридикалык жакты юстиция органдарында кайра каттоо жол-жобосун камсыз кылсын;

- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмегин кайра карап чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

9.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

10.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

тиркеме

 Премьер-министр                                                     М.Д.Абылгазиев