Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 “Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Өзгөчө шарттарда иштеген медициналык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө тутумун аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 “Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө шарттарда иштегендерге кызматтык үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын типтүү тизмесинде: “Саламаттык сактоо жана социалдык камсыз кылуу мекемелери” бөлүмүнүн расмий тилдеги текстинде:
а) бөлүмдүн аталышындагы “мекемелери” деген сөз “уюмдары” деген сөз менен алмаштырылсын;
б) I бөлүмчөдө:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“3. Психикасы бузулган оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген бригадалардагы, медициналык тез жардам станциясындагы иштер (дарыгерлер, орто жана кенже медициналык персонал, бир эле мезгилде санитардын да милдетин аткарган айдоочулар).”;
- 4-пункттагы “медициналык кызматкерлер” деген сөздөр алып салынсын, “бөлүмдөрүндө” деген сөздөн мурда “иштин ушул багыты менен түздөн-түз байланыштуу” деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“9. Кургак учукка каршы уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү жана кабинеттердеги кызматкерлердин жана инфекциялык, наркологиялык уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү жана кабинеттердеги медициналык кызматкерлердин иши”; - 10-пункттагы “мекемелерде” деген сөз “уюмдарда” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пункттагы “медициналык кызматкерлерди” деген сөздөр алып салынсын; - төмөнкү мазмундагы 13-16-пункттар менен толукталсын:
“13. Медициналык кызматкерлердин: анестезиология, реанимация, катуу кармаган уулануулар, ириңдүү хирургиялык багыттагы, токсикология, мөөнөтүнө жетпей төрөлгөн балдар, торакалдык хирургия, гемодиализ бөлүмдөрүндөгү (палаталардагы) иши.
14. Медициналык кызматкерлердин ультраүн диагностика жана эндоскопия бөлүмдөрүндөгү (кабинеттериндеги) иши.
15. Саламаттык сактоо уюмдарындагы дезинфекторлордун иши.
16. Баробөлүмдөрүндөгү жана барокабинеттериндеги медициналык кызматкерлердин иши.”; в) II бөлүмчөдө:
- 3-пункттагы “мекемелерде” деген сөз “уюмдарда” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы “стационарларда” деген сөз “уюмдарда, кабинеттерде жана палаталарда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы “мекемелерде” деген сөз “уюмдарда, ошондой эле бөлүмдөрдө жана кабинеттерде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
“8. Рентгенологиялык, радиологиялык, химиотерапевтикалык жана рентгенорадиологиялык борборлордогу, бөлүмдөрдөгү, кабинеттердеги, лабораториялардагы жана таштарды аралыктан рентген сокку толкуну менен майдалоо бөлүмдөрүндөгү иш.
9. Интенсивдүү терапия палаталары бар неврология бөлүмдөрүндөгү иш.”.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте 2014-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Өзгөчө шарттарда иштегендерге кызматтык үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын типтүү тизмегинин долбоорун белгиленген тартипте мамлекеттик тилде киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев