Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонууда коопсуздукту камсыздоо, авариялык абалдардын опурталын азайтуу, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында, ошондой эле “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-сентябрындагы № 513 “Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, каттоонун жана ташуунун тартиби жөнүндө Инструкцияны бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев