КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 токтому

Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Асыл таштарды  Евразия экономикалык союзунун бажылык аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык союзунун аймагынан ташып чыгуу тууралуу жобону ишке ашыруу максатында, “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына кошулууга Кыргыз Республикасынын берген макулдугу билдирилсин.

2. Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда  мамлекеттик контролдоону ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кимберли процессинин сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Кембирли процессинин сертификациялоо схемасынын Төрагасына дипломатиялык каналдар боюнча билдирсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери» жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү абзац менен толукталсын:

“- Кимберли процессинин сертификациялоо схемасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетилбеген алмазды ташып чыгууга  сертификат берет;”.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев