КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 360 токтому

Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;

- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасы, 2-тиркемеге ылайык;

- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 3-тиркемеге ылайык;

- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо индикаторлорунун матрицасы, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери:

- Иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын;

- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берүүнү камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев