КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 414 токтому

 “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондун түзүү жөнүндө

Региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чараларды күчөтүү, 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жана “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жана “Кумтор Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу), жогоруда аталган Макулдашууга карата “Центерра Голд Инк.” жана “Кумтөр Голд Компани” компаниялары тарабынан кол коюлган 2019-жылдын 7-августундагы Бир тараптуу милдеттенменин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы социалдык өнөктөштүктү ишке ашыруу максатында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте:

- “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондун (мындан ары – Фонд) түзсүн;

- Фонддун уюмдаштыруучусу катары чыксын;

-   Фондду иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

-   Фонд Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги дайындаган байкоочу кеңеш тарабынан башкарылат;

-   Фонд жыл сайын аудитордук текшерүүгө алынат;

-   Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн гана пайдаланылат.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Фонддун иштеши үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарты менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106 дареги боюнча жайгашкан имараттын ичинен жай берсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу