Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 “Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртинин өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн, алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү же жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдуу жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо функцияларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берилгендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 “Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максаттарында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы лицензиар болуп эсептелет.”
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев