КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- 354-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“354. Патенттин негизинде салыктарды төлөөчү жеке ишкерлерден тышкары, ушул Нускаманын 34, 35, 351 жана 353, 36, 361-пункттарында аталган төлөөчүлөр камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Патенттин негизинде салыктарды төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү патент алууда төлөнөт.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) токтомдун аталышы “345, 352 жана 355-беренелеринин” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын” деген сөздөр менен толукталсын; 

2) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу, салык милдеттенмелерин, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана патенттин негизинде иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;

3) мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктунун экинчи абзацындагы “органдарына” деген сөз “органдарында” деген сөз менен алмаштырылсын;

4) 2-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-5-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибинде:

- мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы “органдарына” деген сөз “органдарында” деген сөз менен алмаштырылсын;

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана салык органдары тарабынан салык төлөөчүлөргө ыктыярдуу, милдеттүү патентти жана милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иштин чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлерге патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта (электрондук патент) документ түрүндө берүү тартибин белгилейт.”;

- 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“электрондук патент – ЫУСО веб-сайты аркылуу алынган, салык төлөөчүнүн иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө укугун, салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгүн күбөлөндүрүүчү жана патентти колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кирешелерди алууну ырастаган электрондук документ.”;

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

“ - пенсионерлерден жана I жана II топтогу майыптардан тышкары, алынган патенттерди колдонуу мөөнөтүнө окшош мезгилде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төлөбөгөндө же толук эмес төлөгөндө.”;

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

“- патенттин негизиндеги салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанция болгондо.”;

- 9-пунктунун төртүнчү абзацы “салыктын” деген сөздөн кийин “жана камсыздандыруу төгүмүнүн” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 10-пунктунда:

биринчи абзацы “Cалыктын” деген сөздөн кийин “жана камсыздандыруу төгүмүнүн” деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Салык төлөөчү тарабынан салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасынын төлөнгөндүгү ЫУСО АМСинде текшерилет. Салык төлөөчү салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөндүгүн ЫУС веб-сайтынын “Салыкты жана камсыздандыруу төгүмүн төлөө боюнча чекти издөө” бөлүмүндө текшере алат.”;

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“- эгер салык төлөөчү пенсионер же  I топтогу жана II топтогу майып болсо, “пенсионер”, “I топтогу майып” же “II топтогу майып” статусун.”; 

- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 111- пункт менен толукталсын:

“111. Салык төлөөчү аймактык салык органына ага электрондук патент берүү жөнүндө кайрылган учурда, аймактык салык органы ошол салык төлөөчүгө электрондук патент берет.”;

- 12-пунктунун биринчи абзацы “патент боюнча салыктын суммасы” деген сөздөрдөн кийин “жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы” деген сөздөр менен толукталсын, ошондой эле “түзүлөт” деген сөз “түзүлүшөт” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 13-пунктунун биринчи абзацы “салыктын суммасы” деген сөздөрдөн кийин “, камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын: 

“131. Эгерде салык төлөөчү пенсионер же I жана II топтогу майып болсо, электрондук патенттин 140-уячасында “пенсионер”, “I топтогу майып” же “II топтогу майып” статусу көрсөтүлөт. Мында камсыздандыруу төгүмү жөнүндө маалымат нөлдүк көрсөткүчтөр менен чагылдырылат.”.

3. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин даярдалган кагаз жүзүндөгү патенттердин бланктары 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө колдонула тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев