КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 токтому

Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндө 

2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын, ошондой эле 2019-жылдын 8-августундагы № 72 “Бут кийим товарларына маркалоону киргизүү жөнүндө” Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) (мындан ары – улуттук оператор) тандоо боюнча убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Убактылуу жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;

- тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына улуттук операторду аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.

5. Улуттук оператор (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен идентификациялоо каражаттарын жеткирүүнүн, ошондой эле маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын белгиленген тартипте макулдашсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Премьер-министр                                                                                                     М.Д. Абылгазиев