Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
3) товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-007), 3-тиркемеге ылайык;
4) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-008),
4-тиркемеге ылайык;
5) товарларга кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-009), 5-тиркемеге ылайык;
6) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-010), 6-тиркемеге ылайык;
7) эсеп-фактуралардын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгы жөнүндө кабарлоонун формасы (ESF STI-005),
7-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кошумча нарк салыгын (мындан ары – КНС) төлөөчү, ошондой эле товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу субъект:
- ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуранын маалыматтык системасынын (мындан ары – ЭЭФ МС) катышуучусу катары катталат;
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып ушул токтомдун 1 – 6-тиркемелеринде белгиленген форма жана тартип боюнча электрондук эсеп-фактураны тариздейт;
2) 2020-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө КНС төлөөчү ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча мурунку ай үчүн КНС боюнча отчётту тиркөө менен КНСтин эсеп-фактураларынын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгы жөнүндө кабарлоону салыктык катталган жери боюнча салык органына берет;
3) КНС төлөөчү берген КНСтин эсеп-фактураларынын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгы жөнүндө кабарлоонун жана мурунку ай үчүн КНС боюнча салык отчётунун негизинде салык органы КНСтин эсеп-фактураларынын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгын, анын ичинде КНСтин тармактык эсеп-фактурасын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) ЭЭФ МСти колдонуу менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнү камсыздасын;
2) салык төлөөчүлөр арасында электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу жөнүндө түшүндүрүү жана маалыматтык иштерин жүргүзсүн;
3) ЭЭФ МСтин иштөөсүнө туруктуу мониторинг жүргүзсүн жана ЭЭФ МСтин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 32-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 “Сатып алуу актысы” баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 3 жана 4-пунктчалары жана жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 26-пункту.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов