КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы №491 токтому

Квалификациялардын улуттук алкагын жактыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Тиркемеге ылайык Квалификациялардын улуттук алкагы жактырылсын.

2.  Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор Квалификациялардын улуттук алкагынан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                            К.А.Боронов

тиркеме.docx