Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн системалуу, комплекстүү жана координацияланган ишин жүргүзүү, экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө өз убагында чара көрүү, ишкердикти жана инвестициялык ишти колдоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш түзүлсүн.
2.Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин курамы, 2-тиркемеге ылайык.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кеңештин ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 7-июлундагы №290 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажылык-тарифтик кеңешти түзүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык кеңеш жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 452 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 78 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-январындагы № 4 “Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу” жөнгө салуучулук реформа боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 867 “Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 867 “Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 390 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 218-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 28-мартындагы № 144 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 24-августундагы № 476 буйругу.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Н.Жапаров