КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 511-токтому

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчету көңүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төмөнкүдөй кемчиликтерге жол берген жетекчилерине тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулсун:

1) мамлекеттик карыздын өлчөмү боюнча статистикалык маалыматты 636,8 млн (алты жүз отуз алты миллион сегиз жүз миң) сомго бурмалагандарга;

2) төмөндөгү карыздык милдеттенмелерди Каттоо китебине өз убагында каттабагандарга:

- Герман өнүктүрүү банкынын 66,8 млн (алтымыш алты миллион сегиз жүз миӊ) немец маркасындагы жана 97,5 млн (токсон жети миллион беш жүз миӊ) евро кредити боюнча;

- Ислам өнүктүрүү банкынын 19,25 миӊ (он тогуз миллион эки жүз элүү миӊ) АКШ долларындагы жана 17,9 млн (он жети миллион тогуз жүз миӊ) ислам динарындагы кредити боюнча;

- Евразия өнүктүрүү банкынын 290,0 млн (эки жүз токсон миллион) АКШ долларындагы кредити боюнча;

3) Кытай экспорт-импорт банкынын 4 622,4 миӊ (төрт миллион алты жүз жыйырма эки миӊ төрт жүз) АКШ доллары жана 541,2 миӊ (беш жүз кырк бир миӊ эки жүз) кытай юаны суммасындагы; Герман өнүктүрүү банкынын 355,0 миӊ (үч жүз элүү беш миӊ) евро суммасындагы кредиттери боюнча “өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн комиссиялардын” төлөмдөрүн “процент” түрүндө чагылдыруу жолу менен мамлекеттик карыздын статистикасын бурмалагандарга.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд “Кыргызалтын” ААК менен биргеликте алтын казуучу “Центерра Голд Инк.” компаниясынын акциялары боюнча 600,0 млн (алты жүз миллион) сом суммасында дивиденд алуу маселесин иштеп чыксын.

5. Планда көрсөтүлгөн министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Пландын аткарылышы тууралуу маалымат беришсин.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.

7. Планды сапаттуу жана өз учурунда аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчиликте болоору белгиленсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 444 “2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                               М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу