КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2021-жылдын 6-январындагы № 2-д буйругу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын 4-августундагы № 2-д «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Айрым мамлекеттик каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн административдик регламенттерин Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын жоболоруна шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө» жана 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык буйрук кылам:


 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын 4-августундагы № 2-д «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн буйрукка карата 2-тиркемеде («Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр менен көчмө документтештирүү»):

- 1-пункттагы ««Инфоком» мамлекеттик ишканасына караштуу» сөздөрү чыгарылып салынсын

- 3-пункттун «а» пунктчасындагы «КТБ» аббревиатурасы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  Калкты тейлөө борборлору (мындан ары – КТБ)» сөздөрү жана аббревиатуралары менен алмаштырылсын;

- 2-главанын 1-пунктунун эскертүүсүндөгү биринчи абзацтан «КТБ» аббревиатурасы алынып салынсын;

- 4-главанын 3-жол-жобосунун жыйынтыгы «, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр.» сөздөрү менен толукталсын;  

- 1-тиркеменин бүткүл тексти боюнча «КТБ МТ» аббревиатурасы «МТ» аббревиатурасы менен алмаштырылсын;

жогоруда көрсөтүлгөн буйрукка карата 4-тиркемеде («Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдүү уюлдук байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун жарактуулугу жана жараксыздыгы жөнүндө маалымат берүү»):

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – Кызмат) тарабынан жүргүзүлөт.»;

- 3-пунктта:

1-пунктчадагы ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

2-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«- типтүү макулдашууга карата 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы №329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө жобо);»;

      - 4-пункттагы бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

 «- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы №329 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу».»;     

- 2-главадагы ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

- 4-главада:

жол-жобонун 1.2. пунктчасындагы «Ишкана» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

жол-жобонун 1.4. пунктчасындагы ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

1-жол-жобонун тексти боюнча ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

жол-жобонун 1.1. жана 1.2. пунктчалары төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«1.1. Алуучу тараптан кол коюлган макулдашууну алгандан кийин, Кызматтын кызматкери макулдашууну Кызматтын төрагасына кол коюуга киргизет.

1.2. Макулдашууга төрага кол койгондон кийин, Кызматтын кызматкери макулдашууну Алуучуга жөнөтөт»;

2-жол-жобонун тексти боюнча ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

3-жол-жобонун 1.1. пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«1.1. Кызмат менен Алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрине кошулуунун бардык техникалык маселелери боюнча консультация берүү жүргүзүлөт.»;

3-жол-жобонун тексти боюнча ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

- 5-главада:

1-жол-жободогу ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

2-жол-жобо төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«Алуучу тараптан кол коюлган макулдашуу алынгандан кийин, Кызматтын кызматкери ушул макулдашууну макулдаштырат жана кол коюу үчүн Кызматтын төрагасына киргизет.

Макулдашууга төрага кол койгондон кийин, Кызматтын кызматкери макулдашууну Алуучуга жөнөтөт.»;

3-жол-жобо төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«Кызмат менен Алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрине кошулуунун бардык техникалык маселелери боюнча консультация берүү жүргүзүлөт.»;

6-главанын 6-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.

1) Ички жана тышкы контроль Кызмат тарабынан жүргүзүлөт;

2) Текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү 6 айды түзөт.

3) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.»;

6-главанын 7-пунктунун 2-пунктчасында ««Инфоком» МИси» сөзү «Кызматтын жооптуу түзүмдүк/ведомство алдындагы түзүлүшүнө.» сөздөрү менен алмаштырылсын;

7-главанын 8-пунктундагы ««Инфоком» МИси» сөзү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кызмат» сөзү менен алмаштырылсын;

9-главанын 11-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«11. Смагулов Алибек Бейшембаевич, Кызматтын Стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер секторунун башчысы.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын катто департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык технологиялар жана байланыш бөлүмүнүн жетекчилери:

- кызматкерлерди ушул буйрук менен тааныштырышсын;

- кызматкерлер тараптан мамлекеттик кызмат көрсө-түүлөрдү сунуштоо учурунда ушул буйруктун сакталышын жеке контролдоого алышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер сектору мыйзамда белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жөнөтсүн:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына расмий жарыялоо жана маалымдоо үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү ушул буйрукту ведомстволук сайтта жарыяласын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын   төрагасынын орун басарлары А.А. Туйбаевге жана Т.К. Батыркановго өздөрү жетектеген багыттар боюнча жүктөлсүн.

 6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                               А.М. Мамбеталиев

тиркеме

Тиркемелер

Басып чыгаруу