Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин колдоо үчүн юридикалык жана жеке жактардан түшүүчү ыктыярдуу акча каражаттарын топтоо жана максаттуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында республикалык бюджетти колдоого түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануу үчүн депозиттик эсеп ачсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков