КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 485 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 6-пунктундагы «860» жана «121» деген цифралар тиешелүү түрдө «864» жана «125» деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин штаттык санынын көбөйүшүнө байланыштуу 2018-жылга карата чыгымдары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үчүн 2018-жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2019-жылга жана андан кийинки жылдарга карата республикалык бюджетин түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды каржылоо үчүн акча каражаттарын караштырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                 М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу