Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы, 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо, 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы, 7-тиркемеге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо, 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы, 9-тиркемеге ылайык;
10) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо, 10-тиркемеге ылайык;
11) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы, 11-тиркемеге ылайык;
12) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо, 12-тиркемеге ылайык;
13) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы, 13-тиркемеге ылайык;
14) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо, 14-тиркемеге ылайык;
15) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы, 15-тиркемеге ылайык;
16) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо, 16-тиркемеге ылайык;
17) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө жобо, 17-тиркемеге ылайык;
18) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент жөнүндө жобо, 18-тиркемеге ылайык;
19) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө жобо, 19-тиркемеге ылайык;
20) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жобо, 20-тиркемеге ылайык;
21) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасы, 21-тиркемеге ылайык;
22) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жөнүндө жобо, 22-тиркемеге ылайык;
23) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун башкаруу схемасы, 23-тиркемеге ылайык;
24) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жобо, 24-тиркемеге ылайык;
25) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун башкаруу схемасы, 25-тиркемеге ылайык;
26) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Окуу борбору жөнүндө жобо, 26-тиркемеге ылайык;
27) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, 27-тиркемеге ылайык;
28) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө жобо, 28-тиркемеге ылайык;
29) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Кыргыз Туризм” мамлекеттик ишканасынын уставы, 29-тиркемеге ылайык;
30) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасынын уставы, 30-тиркемеге ылайык;
31) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, 31-тиркемеге ылайык;
32) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү, 32-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин штаттык саны 11 штаттык бирдикти, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын 2 штаттык бирдигин түзөт;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси 2024-жылдын 1-июнуна чейин республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат, 2024-жылдын 1-июнунан тартып өзүн өзү каржылоого өтөт.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемесин кармоого каражат карасын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 “Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
5) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 343 токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери” жөнүндө токтомунун 1-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 270 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жөнүндө” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 337 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө” токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2, 3 жана 5-пункттары;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
16) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы № 847 токтому
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 448 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
21) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бир терезе” борбору” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55 токтому;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 407 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 551 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 691 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Элдик” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 52 “Бажы союзунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 19, 21, 24, 27, 28 жана 33-пункттары;
29) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 90 токтому;
30) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-майындагы № 288 токтому;
31) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 “Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
32) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
33) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 860 токтому;
34) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 177 токтому;
35) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 353 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
36) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 15, 20, 21, 25 жана 30-пункттары;
37) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 694 токтому;
38) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
39) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
40) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
41) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө” токтому;
42) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 564 токтому;
43) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 “Кыял” Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
44) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
45) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
46) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 148 “Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
47) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-августундагы № 368 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Талас” соода-базар комплекси” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
48) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-августундагы № 375 токтому;
49) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 “Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
50) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 659 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ишинин маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары;
51) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
52) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
53) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 237 токтому;
54) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы, 14-пункту;
55) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 417 токтому;
56) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 445 “Транзит боюнча улуттук координатор жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
57) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы №468 «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;
58) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 496 токтому;
59) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 “Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
60) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Аукциондук борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
61) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
62) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
63) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
64) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 “Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту;
65) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
66) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
67) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-пункттары;
68) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
69) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 595 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов