КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 478 токтому

2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасын андан ары реформалоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясы, 1-тиркемеге ылайык;

- 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча “Жол картасы” (мындан ары – “Жол картасы”), 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору:

-  “Жол картасын” белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен “Жол картасынын” аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы “Жол картасынын” ишке ашырылышын  камсыз кылсын жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен ушул токтомдун 2-пунктунда аталган мамлекеттик органдар тарабынан “Жол картасынын” аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

4. “Жол картасынын” 5, 8-10, 13-пункттары жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджетте каралган каражаттардан каржылоого жараша аткарылат.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

тиркеме