КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 466 токтому

Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине  эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 21-пункту  “симфониялык оркестринин” деген сөздөрдөн кийин “Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленет”.

- жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинде:

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

“3. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленет.”.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын      1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу