КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 63 токтому

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чегинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын   Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  22-августундагы № 473.«Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы «министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана» деген сөздөр «аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

2) 1-пункттун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик башкаруу органдарынын юридикалык жактын статусу бар ведомстволук бөлүмдөрү жана мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт деп белгиленсин.»;

4) 4-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

6) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсүндө: 

- 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,» деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында,» деген сөздөр алып салынсын;

7) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси:

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

«

   21

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги

2

    »;

-.4-пункттагы «4» деген цифра «3» деген цифра менен алмаштырылсын; 

- 6-пунктта:

«, архитектура, курулуш» деген сөздөр алып салынсын; 

«3» деген цифра «2» деген цифра менен алмаштырылсын;

- 11-пунктта:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«2» деген цифра «4» деген цифра менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 11–114-пункттар менен толукталсын:

«

111

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети

2

112

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

2

113

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги

1

114

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

1

                                                                                                                     »;

- эскертүүдө: 

2-пунктта:

төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

«-.Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору болуп санала тургандыгы;

-.Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп санала тургандыгы;»;

4-пунктта:

«Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын,» деген сөздөр алып салынсын;

5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орундары каралат.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы жана 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- аталышындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункттагы «1 134», «79», «900» жана «155» деген цифралар  тийиштүү түрдө «1061», «79», «827» жана «155» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

«

21

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги

37


анын ичинде:



- борбордук аппараты

13


- ведомстволук бөлүмдөрү

24

                                                                                                                 »;

-.3-пункттагы «787», «27», «571» жана «189» деген цифралар  тийиштүү түрдө «257», «27», «41» жана «189» деген цифралар менен алмаштырылсын;

-.4-пункттагы «689», «40», «433» жана «216» деген цифралар  тийиштүү түрдө «397», «40», «141» жана «216» деген цифралар менен алмаштырылсын;

-.5-пункттагы «1 608», «16», «1 555» жана «37» деген цифралар  тийиштүү түрдө «1 549», «16», «1 496» жана «37» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 6-пунктта:

«, архитектура, курулуш» деген сөздөр алып салынсын;

«209», «24», «183» жана «2» деген цифралар тийиштүү түрдө «184», «15» жана «169» жана «0» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 11-пунктта:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«39», «15» жана «24» деген цифралар тийиштүү түрдө «569», «28» жана «541» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 111–114-пункттар менен толукталсын:

«

111

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети

351


анын ичинде:



- борбордук аппараты

11


- ведомстволук бөлүмдөрү

192


- аймактык бөлүмдөрү

148

112

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

19


анын ичинде:



- борбордук аппараты

10


- ведомстволук бөлүмдөрү

7


- аймактык бөлүмдөрү

2

113

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги

32


анын ичинде:



- борбордук аппараты

24


- ведомстволук бөлүмдөрү

8

114

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

10


- борбордук аппараты

10

»;

- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин санынын чеги бул мамлекеттик органдын өзүн-өзү каржылоонун негизинде иш жүргүзгөн аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн эсепке албастан белгиленген;».

3. Ушул токтомду ишке ашыруу штаттык сандын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин. 

4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:

1) эки жумалык мөөнөттө түзүмүн жана штаттык расписаниесин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарды кайра уюштуруунун жана анын ишин оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн; 

3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин; 

4) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин; 

5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.  

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мамлекеттик органдар тарабынан штаттык-сметалык тартиптин сакталышын туруктуу системалуу түрдө контролдоону камсыз кылсын.  

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. 

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                                                                                     У.А. Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу