КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 88 токтому

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Укук” мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жана аны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө

Санариптик трансформациялоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана   соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 92-94-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 45-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Укук” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесине кайра уюштуруу жолу менен кайра түзүлсүн. 

2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Укук” мамлекеттик ишканасын тиешелүү штаттык саны жана материалдык-техникалык базасы менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүп берсин;

- өткөрүп берүү актысын бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси төмөнкүдөй болуп саналары белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Укук” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу;

- укук коргоо, соторгандарынын, прокуратура органдарынын маалыматтык системаларынын, ошондой эле Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин, Бузуулардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, жазык жана жазык-процесстик мыйзамдардын негизинде  иштеген мамлекеттик органдардын маалыматтык ведомстволук системаларынын оператору. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2019-жылдын  4-июлундагы № 340 “Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Укук” мамлекеттик ишканасынын уставы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: 

“Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын штаттык санынын чеги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесин эсепке албастан аныкталган.”.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 “Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:   

- “Укук”  мамлекеттик мекемесин өзүнүн карамагына кабыл алуу; 

- “Укук”  мамлекеттик мекемесинин уставын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү; 

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү. 

8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайра каттоого көмөк көрсөтсүн. 

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                                                                                    У.А.Марипов


Тиркемелер

Басып чыгаруу