Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
“Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
11-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров
Тиркеме
Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби (мындан ары – Тартип) “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык иштелип чыккан, коррупциялык укук бузуу фактысы жөнүндө билдирген адамга акчалай сый акы төлөөнүн тартибин аныктайт.
2. Сый акы төлөө бир жолку акчалай сый акы төлөө түрүндө жүргүзүлөт.
2-глава. Бир жолку акчалай сый акы төлөөнүн шарттары, негиздери жана тартиби
3. Сый акы төлөө коррупциялык укук бузуудан келтирилген зыяндын ордун толтуруудан мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттардан ишке ашырылат.
Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө бул иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттардын суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө, бирок бир миллион сомдон көп эмес жүргүзүлөт.
4. Сый акы төмөнкү учурларда төлөнөт:
– комиссиянын чечими менен ырасталган коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат тийиштүү адам тарабынан берилгенде;
– мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;
–коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда.
5. Эгерде коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу билдирген адамдын маалыматынын негизинде, бир билдирүүнүн алкагында бир нече кылмыш аныкталса, сый акы зыяндын орду эң көп өлчөмдө толтурулган кылмышка карата төлөнөт.
6. Сый акы төлөө үчүн мындай төлөөлөргө укуктар келип чыккан күндөн тартып (соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып) отуз жумуш күндүн ичинде коррупциялык укук бузуулар боюнча иш өндүрүшүндө болгон жооптуу адамдар тарабынан төмөнкүдөй документтерден материалдар түзүлөт:
1) арыздын көчүрмөсү, ошондой эле коррупциялык укук бузуу фактысы боюнча адамдын кайрылуусу жөнүндө маалымат жана адам тарабынан коррупциялык укук бузууну табууга, бөгөт коюуга, ачууга жана иликтөөгө көмөк көрсөткөндүгүн ырастоочу башка документтер;
2) кылмыш жасагандыгына шектелгендиги жөнүндө билдирүүнүн жана прокурор бекиткен айыптоо актысынын көчүрмөсү;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актынын көчүрмөсү;
4) ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана сый акы төлөө үчүн адамдын жеке же башка эсептеги банктык реквизиттери;
5) зыяндын ордун толтуруу фактысын ырастоочу документ (салыштыруу актысы, депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу жөнүндө квитанция ж.б.).
Ушул пунктта көрсөтүлгөн материалдар Комиссиянын кароосуна берилет.
7. Комиссия тийиштүү укук коргоо, көзөмөлдөө органынын жетекчиси тарабынан жашыруун документтер менен иштөөгө уруксаты бар 7 (жети) адамдан кем эмес санда түзүлөт. Комиссиянын түзүмүн жана курамын жетекчи өзү аныктайт, мында комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр кирүүгө тийиш:
1) оперативдик бөлүмдүн өкүлү;
2) тергөө бөлүмүнүн өкүлү (жетекчи);
3) финансылык бөлүмдүн өкүлү;
4) өздүк коопсуздук бөлүмүнүн өкүлү.
Комиссияны финансы-чарбалык ишти тейлөөчү укук коргоо, көзөмөлдөө органынын жетекчисинин орун басары жетектейт.
Комиссиянын ишинин регламенти ведомстволук акт менен бекитилет.
8. Комиссия тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысын текшерет жана материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча 10 (он) жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисине сый акыны төлөө жөнүндө өтүнүчтү же жүйөлөнгөн баш тартууну киргизет.
9. Органдын жетекчиси комиссиянын өтүнүчү келип түшкөндөн кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө үчүн негиз болгон сый акы төлөө жөнүндө буйрук чыгарат.
Жүйөлүү баш тартуу тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысы ырасталбаганда жана жооптуу адамдардын ортосундагы бүтүм аныкталбаган учурда комиссия тарабынан чыгарылат. Мындай учурда материалдар прокуратура органдарына кароого берилет.
Комиссия тарабынан сый акы төлөөдөн жүйөлүү баш тартуу берилген учурда, негизделген чечим 10 (он) жумуш күндүн ичинде коррупциялык укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө болгон жооптуу адамдар тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга кабарланат.
Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адам “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде комиссиянын чечимине даттанууга укуктуу.
10. Сый акы төлөө коррупциялык укук бузуу фактылары тууралуу билдирген адамдын өздүк же башка эсебине накталай эмес түрдө которуу жолу менен иш жүзүндөгү ордун толтурууга жана республикалык бюджеттен бөлүүгө жараша коррупциялык укук бузуулардын ордун толтуруучу каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Органдын жетекчиси жана комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коррупциялык укук бузуу фактылары тууралуу билдирген адамдарга сый акы төлөө менен байланышкан укук бузуулар үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.
----------------------------------------------------------