Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов жана Көл-Төр айыл аймактарында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Суу фондунун жерлери” категориясына которуу жана пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинин 2016-жылдын 11-октябрындагы № 2 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 52 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-октябрындагы № 3 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 142 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 23-мартындагы № 46 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 124 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 5,39 га жайыт жерлер, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагында №108 контурда жайгашкан 2,44 га жана Көл-Төр айыл аймагында № 175 контурда жайгашкан 2,95 га жер чакан гидроэлектр станцияларын куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Суу фондунун жерлери” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу арналышы боюнча пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторуна ижара келишимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл өкмөтү жана “Көк-Сай ГЭСи” жоопкерчилиги чектелген коому менен, ошондой эле Көл-Төр айыл өкмөтү жана “Коңур-Өлөң ГЭСи” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык “Көк-Сай ГЭСи” жоопкерчилиги чектелген коомунун жана “Коңур-Өлөң ГЭСи” жоопкерчилиги чектелген коомунун айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөлөрүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев