КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №338 токтому

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык; 

4) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;

5) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;

6) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жобо  6-тиркемеге ылайык;

7) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын  5-мартындагы № 80 “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

− 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

− жогоруда аталган токтомдун 3, 4, 7, 8-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 478 “Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө” токтомунун  2-пункту жана тиркемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 “Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө” токтомунун 4-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 “Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө” токтомунун 4-пункту жана 1, 2-тиркемелери.

4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу