2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө
“2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148 Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тиркелген тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) 2021-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөөнүн жүргүзсүн:
- курман болгон адамдардын он сегиз жашка чейинки балдарына, анын ичинде “2010-жылдын апрель – июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурда он сегиз жашка чыга эле жана кол коюлган учурда он сегиз жашка толгон балдарга;
- курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жабыр тарткандарга;
1) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабуу үчүн жыл сайын акча каражаттарын бөлүп берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров