Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 “Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин турак-жай укуктук мамилелерин укуктук жөнгө салуу жана аларга социалдык колдоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 “Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы “ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын” деген сөздөр “укук коргоо органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Аскер кызматчыларын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыздоону тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 57-беренесине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
- аталышындагы “ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын” деген сөздөр “укук коргоо органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
биринчи абзацындагы “ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине” деген сөздөр “укук коргоо органдарынын кызматкерлерине (мындан ары – кызматкерлер)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы “аскер кызматчыларын” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерлерин” деген сөз менен толукталсын;
жетинчи абзацындагы “ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук органдарында, жазык-аткаруу системасында, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда” деген сөздөр “укук коргоо органдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацы “аскер кызматчыларын” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерлерин” деген сөз менен толукталсын;
- 6-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Аскердик кызматтын календардык узактыгы 20 жылды жана андан ашыкты түзгөн, аскердик кызматтан бошотулган учурга карата турак жай менен камсыздалбаган офицердик курамдагы аскер кызматчылары жана прапорщиктер иштеп жаткан аскер кызматчылары камсыздалган тартипте камсыз кылынат.”;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттын кыскарышы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн, бошотулган учурга карата турак жай менен камсыздалбаган кызматкер бошотуулардын алдындагы акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай алууга (тиричилик шарттарын жакшыртууга) кезекте тургандардын тизмесинен өзүнүн макулдугусуз чыгарылбайт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыздалат.”;
- 7-пунктунун экинчи абзацы “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкер” деген сөз менен толукталсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацындагы “аскер кызматчыларын жана аскер кызматынан бошотулган жарандарды” деген сөздөр “аскер кызматчыларын/кызматкерлерди жана аскер кызматынан/ укук коргоо органдарындагы кызматтан бошотулган жарандарды” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунда:
1-пунктчасындагы “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкер” деген сөз менен толукталсын;
алтынчы абзацындагы “кызмат” деген сөз “кызмат/укук коргоо органдарындагы кызмат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунда:
3-пунктча “аскер кызматынын” деген сөздөрдөн кийин “/укук коргоо органдарындагы кызматтын” деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктчасындагы “/кызматкерлер” деген сөз алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 41-пунктча менен толукталсын:
“41) кызматкерлерди дискредитациялабаган негиздер боюнча кызматтан запаска же отставкага бошоткон учурларда кызматтык турак жайды ээлеген 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;”;
5-пунктчасы “аскер кызматында” деген сөздөрдөн кийин “/укук коргоо органдарындагы кызматта” деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктундагы “/кызматкерлерине” деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
“141. Ээлеген мамлекеттик турак жайды менчикке берүү курагы, ден соолугунун абалы боюнча запаска же отставкага, штатты кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерлерге жана адамдарга акысыз жүргүзүлөт.”;
- 15-пунктунда:
6-пунктчасы “аскердик кызматтан” деген сөздөрдөн кийин “/укук коргоо органдарындагы кызматтан” деген сөздөр менен толукталсын;
7-пунктчасындагы “аскер кызматчылардын/кызматкерлердин калган категорияларына” деген сөздөр “аскер кызматчыларына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
“8) кызматкерлерге, эгерде алар 20 жылдан кем эмес кызмат өтөсө жана ушул Жобонун 141-пунктунун шарттарына туура келбеген шартта.»;
- 16-пунктунун 3-пунктчасы “аскер кызматчынын” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкердин” деген сөз менен толукталсын;
- 19-пунктунун экинчи абзацы “аскер кызматчыга” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерге” деген сөз менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
- жогорку оң бурчундагы “ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын” деген сөздөр “укук коргоо органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 7-пунктунун 1 жана 6-пунктчаларындагы ар түрдүү жөндөмө формаларындагы “служащих” деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “сотрудников” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров